Кызыгам колуңдагы, Кармаган кызыл гүлүңө. Суктанам, сугум артат, Казак кыз, сенин өзүңө. Сураарым кабыл алчы, Сүйүүмдү ырдап сунайын. Алматыга күйөө бала, Күйөө бала болуп калайын.
Суктанам, моокум канбайт, Бал ширин сенин сөзүңө. Суктанам, сугум артат, Казак кыз, кара көзүңө. Сунушум четке какпа, Ыр менен сырым ачайын. Алматыдан Бишкекке, Мен сени ала качайын.