Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

ильяз абдразаков - Ал менин сүйгөнүм | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Ал менин арманым, азапка салганым,
Армандуу ыр ырдап, өзүнө арнадым.
Жашайт ал дүйнөмдө, жашырбай айтайын,
Жүрөгүм сүйөм дейт, түбөлүк аны дайым.
Адашкан жолдордо,
Сүйүүм бар бул жашоомдо.
Жүрөгүм ыйласа,
Батамын ойлорго.
Жалганда тапканым,
Ашыгым, арманым.
Алмашкыс жанымдан,
Ажырап калганмын

Кайырма:
Сүйгөнүм, сүйүүм менин,
Сагынып жашаган кезим.
Оттой жанган ал күндөрдү,
Жалгыздыкта мен эстеймин.

Сагыныч кыйнаса, сан жеткис кечтерде,
Сүрөтүн караймын, сакталган дептерде.
Кусалык курчаса кайрылам эскере,
"Кайтарчы сүйүүм" деп, жалынайын кимге?
Ал менин сүйгөнүм,
Ардактап жүргөнүм.
Азаптуу күндөрдө,
Алмашпайт жүрөгүм.
Жалганда тапканым,
Ашыгым, арманым.
Алмашкыс жанымдан,
Ажырап калганмын

Кайырма:

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-