Күндө барам терезеңдин түбүнө, Кайтам анан күтө-күтө түңүлө. Чыгып мага жан сырыңды ачсаңчы, Барам сага үмүт үзбөй күнүгө.
Кайырма:
Сүйөм дечи, күтөм дечи асылым, Сага айтам асыл ойдун ачыгын. Ашык болдум сендей чүрөк, күн-айга, Байкабай же байкабай жүрөсүңбү жаркыным.
Карагаттай коюу кара көзүңдөн, Балы тамган назик шыбыр сөзүңдөн. Жүрөгүмдү ээлеп алдың жан эркем, Сүйгүм келет ай жамалдуу жүзүңдү.
Кайырма:
Чыксаң үйдөн жеңең алат чакырып, Чатак салып, чаңды көккө сапырып, Кантем анан көрүп, сүйүп сулууну, Жүрөк өзү тандап алса жактырып3.
Кайырма:
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 4
Видео
Жаныбек Онолбаев Айдын кызы Укмуш азаматсыз ишинизге ийгилик бирок радиодон уккан инсан Мирлан Баеков ырдаган деп ойлойт себеби голосунуз аябай окшойт ...