Көз менен карап азгырган, Көңүлдү дайым жаз кылган. Кызыктар кылат өзгөчө, Кылгыра тиктеп алдыртан. Тайманбай жашап турмуштан, Талашып көктү жылдыздан. Суйкайып таңдай чыгышта, Сулуулар чыгат кыргыздан.
Кайырма: 2х Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай, Биздин кыргыз элдин кыздары, ай.
Сагынтар мени саргайтып, Сапарга кетсем алыстап. Жүзүңдү турар нур чайып, Жүрөктөр кокус табышса. Ала-Тоо башын кар чалып, Жатса да күтүп алыстан. Кыйындык башка түшкөндө, Кыздары чыкса намыска.
Кайырма: 4х
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3
Видео
Султан Садыралиев "АЛТЫН КАЗЫК" ресторанында Улуу Рамазан айынын урматына белгилүү кыргыз эстрада жылдызы Султан Садыралиев "АЛТЫН КАЗЫК" ресторанында чай концерт ...