Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Сыймык Бейшекеев - Жоолукчан | Текст песни

Ак көйнөгүң кийип келипсиң,
Ак жоолугуң абдан жарашып.
Ак куу моюн, сулуу жаш селки,
Ай чырайың мынча жарашып.

Кайырма:
Мага жаккан аппак көйнөгүң,
Күттүм эле кийип келет деп.
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак көйнөгүң желге желбиреп.

Тээ алыстан көзгө чалынып,
Ак жоолугуң абдан жарашкан.
Аты жогуң шакек тагынып,
Айтып турат эми талашпа.

Кайырма:
Жарашыктуу аппак көйнөгүң,
Күткөн элем кийип келет деп.
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак жоолугуң желге желбиреп.

Ай чырайлуу сулуу кара көз,
Ак көйнөкчөн, аппак жоолукчан.
Ак жоолугуң асти түшпөсүн,
Бактылуу бол, кимге жолуксаң.

Кайырма:
Жолугууга аппак көйнөгүң,
Күткөн болчум кийип келет деп,
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак жоолугуң желге желбиреп.


Другие названия этого текста
  • Сыймык Бейшекеев - Жоолукчан (1)
  • Сыймык Бейшекеев - Жоолукчан (Бека Шералиев) (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2
Популярное сейчас
Видео
  • Бек Борбиев,Сыймык Бейшекеев,Ибрагим Жунусов-САХНА Бек Борбиев,Сыймык Бейшекеев,Ибрагим Жунусов-САХНА
    Бек Борбиев,Сыймык Бейшекеев,Ибрагим Жунусов-САХНА.(КЫРГЫЗСТАН) Автор песни Бек Борбиев..(монтаж)